Жыргалаң айыл аймагында «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында бак көчөттөрүн отургузуу боюнча экологиялык акция өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиев, «Ала-Тоо Резорт» долбоорун ишке ашырууга катышкан министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, ошондой эле «Ала-Тоо Резорт» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов жана компаниянын кызматкерлери катышты.
Жыргалаң айыл аймагында ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду. Иш-чара аймакты жашылдандыруу жана экосистеманы калыбына келтирүү максатын көздөйт.
«Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү айлана-чөйрөнү коргоого, жашыл аймактарды кеңейтүүгө, токой фондун көбөйтүүгө жана коомдо экологиялык маданиятты калыптандырууга багытталган.
Мындай демилгелер «Ала-Тоо Резорт» долбоорунун туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.