Жыргалаң айылында «Жыл бою иштеген “Ала-Тоо Резорт” тоо кластери» мамлекеттик долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча көчмө жыйын болуп өттү.

08.05.2026

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин орун басары – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Азамат Кадыралиев төрагалык кылды.

Жыйынга долбоорду ишке ашырууга катышкан негизги министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө долбоорду ишке ашыруунун учурдагы баскычтары, ошондой эле ыкчам чечүүнү талап кылган көйгөйлүү маселелер кеңири каралды. Атап айтканда, автожолдордун курулушунун темпи, альтернативдүү жолду куруу, Боз-Учук – Жыргалаң жолуна асфальт төшөө иштери жана жол тейлөөчү атайын техникалар менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, электр энергиясы менен камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду: 35 кВ чыңалуудагы электр берүү линияларын куруу, курулуш объекттерин үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу жана бетон заводдорунун иштеши үчүн кошумча кубаттуулуктарды берүү зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле объекттердин долбоордук-сметалык документтерин даярдоо, административдик жана тейлөөчү инфраструктураны куруу, саркынды сууларды чыгаруу жана тазалоо системаларын куруу маселелери каралды.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга долбоорду ишке ашырууну тездетүү, аныкталган көйгөйлөрдү жоюу жана белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо боюнча тапшырмалар берилди.

Көчмө жыйындын алкагында «Ала-Тоо Резорт» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов катышуучуларды объекттеги курулуш иштеринин жүрүшү менен тааныштырды. Бүгүнкү күндө В1 жана В2 аталышындагы эки асма аркан жолу толугу менен курулуп бүткөнү белгиленди.

Конокторго асма аркан жолдорунун иши тесттик режимде көрсөтүлүп, алардын техникалык өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Жыйынга катышуучулар курорттун инфраструктурасы менен жеринде таанышып, асма аркан жолдору менен жүрүп көрүштү.