Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа курортунда жайгашкан жер тилкелеринин тооруктары аяктагандыгын билдирет. Электрондук тооруктар **2025-жылдын 15-июлунан 2025-жылдын 18-июлуна** чейин өткөрүлгөнүн белгилей кетүү керек.
Аукционго **даяр долбоору бар** жер тилкелери коюлуп, анда азыркы этапта жолдорду, ошондой эле асма жолду куруу иштери жүрүп жатат. Бул жер тилкесинде **3, 4, 5-жылдыздуу мейманканалар**, **VIP-коттедждер**, **этно-таунхаустар**, **ресторандар**, **кафелер** жана башка **коммерциялык объектилер** курула турганын эскертебиз. Жеңүүчүдөн негизги талап — жеңүүчү **2 жылдын ичинде** курулушту бүтүрүп, объектини пайдаланууга берүүгө милдеттүү.
Негизги максаты: **улуттук инвестициялык долбоорлорду** жана
**мамлекеттик маанидеги долбоорлорду** ишке ашыруу.
Лот
Жер тилкесинин дайындалышы
Катышуучулардын саны
Жалпы аянты (м²)
Лоттун баштапкы баасы
Аукциондун жыйынтыгындагы баасы
1
Беш жылдыздуу мейманкана комплекси
2
15 660
336 690 000 сом
337 363 380 сом
36
Беш жылдыздуу мейманкана комплекси
2
800
13 600 000 сом
13 872 000 сом
33
Беш жылдыздуу мейманкана комплекси
2
400
6 800 000 сом
7 004 000 сом
37
Беш жылдыздуу мейманкана комплекси
3
800
13 600 000 сом
28 152 000 сом
31
Беш жылдыздуу мейманкана комплекси
2
458
7 786 000 сом
7 863 860 сом
30
Эки жылдыздуу мейманкана комплекси
2
458
7 786 000 сом
7 863 860 сом
42
63 кв.м. болгон 23 даана модулдук үй
2
1449
20 575 800 сом
20 781 558 сом
38
Жыгачтан салынган VIP коттедждер
3
216
3 067 200 сом
4 876 848 сом
42
Жыгачтан салынган VIP коттедждер
4
216
3 067 200 сом
4 784 832 сом
39
Жыгачтан салынган VIP коттедждер
3
216
3 067 200 сом
5 766 336 сом
43
Жыгачтан салынган VIP коттедждер
4
216
3 067 200 сом
7 545 312 сом
40
Жыгачтан салынган VIP коттедждер
4
3 067 200 сом
216
8 802 864 сом
44
Жыгачтан салынган VIP коттедждер
5
216
3 067 200 сом
8 925 552 сом
41
Жыгачтан салынган VIP коттедждер
5
216
3 067 200 сом
8 986 896 сом
Бардыгы
43
21 537,00
428 308 200 сом
472 589 298 сом
Ошентип, бардык **14 лот** сатылды. Дагы кызыкдар инвесторлор бар болгондуктан, болжол менен дагы **35 лотту** тоорукка коюу чечими кабыл алынат.