«Ала-Тоо Резорт» ААКсы австриялык адистер менен биргеликте жаңы 4 асма аркан жолунун станциясынын жайгашуучу жерлерин аныктоо иштерин жүргүзүүдө.

20.05.2026

2026-жылдын 25-февралында «Ала-Тоо Резорт» ААКсы менен Doppelmayr компаниясынын ортосунда келечектеги курорттун инфраструктурасын өнүктүрүүнүн алкагында кошумча төрт асма аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюлган.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында «Ала-Тоо Резорт» ААКсынын адистери жана австриялык Doppelmayr компаниясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Жыргалаңдагы келечектеги курорттун аймагында төрт жаңы асма аркан жолунун станциясынын жайгашуучу жерлерин аныктоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Бул иштер тоо лыжа инфраструктурасын масштабдуу өнүктүрүүнүн бир бөлүгү болуп саналат жана эл аралык деңгээлдеги заманбап асма аркан жол системасын түзүүгө багытталган.

Пландалып жаткандай, ушул жылдын аягына чейин долбоордун алкагында дагы төрт жаңы асма аркан жол линиясы курулуп, бул келечектеги жыл бою иштеген тоо курортун өнүктүрүүнүн кезектеги этабы болот.