2026-жылдын 20-майында Кытай Эл Республикасынын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнөн турган делегация Жыргалаң курортунун аймагына барып, жыл бою иштей турган «Ала-ТооРезорт» тоо кластеринин долбоору менен таанышты.
Делегациянын курамына Guangdong YueShi Import Commodities Co., Ltd., Guangzhou Zhonghui Investment Co., Ltd., Guangdong Weide Construction Engineering Co., Ltd. жана башка инвестициялык, курулуш, өнөр жай жана соода компанияларынын өкүлдөрү кирди.
Конокторго долбоордун концепциясы, ишке ашырылып жаткан иштер, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү пландары жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле делегация келечектеги курорттун аймагын жана курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп чыкты. Кытай тарап долбоордун жогорку потенциалын белгилеп, кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары да талкуулоого кызыкдар экенин билдирди.