Бүгүнкү күндө «Ала-Тоо Резорт» ААКсы дүйнөдөгү канат жолдорун долбоорлоо жана өндүрүү боюнча лидер болгон австриялык Doppelmayr компаниясынын жооптуу адистери, ошондой эле долбоорлоочу компания жана подряддык уюмдар менен биргеликте объекттерди ишке киргизүүгө даярдоо үчүн зарыл болгон уюштуруу жана техникалык иш-чараларды жүргүзүүдө.
Бул этапты ишке ашыруу Жыргалаңдагы заманбап тоо-лыжа инфраструктурасын өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү жана эл аралык деңгээлдеги төрт мезгилдүү тоо курортун түзүүдөгү кезектеги кадам болуп саналат.
B1 жана B2 канат жолдору келечектеги курорттун негизги инфраструктуралык объектилеринин бири болуп, аймактын туристтик потенциалын мындан ары өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт.