Учурда «Ала-Тоо Резорт» ААКсынын адистери INPUT жана Doppelmayr австриялык компанияларынын адистери менен биргеликте келечектеги курорттук шаарчанын аймагында көчмө жумушчу иш-чараларды жүргүзүүдө.
Аймакка комплекстүү баа берүү иштери жүргүзүлүп, мындан аркы долбоорлоо жана инфраструктураны өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталууда.
Мындан тышкары, INPUT жана Doppelmayr компанияларынын адистери долбоордун жалпы мастер-планынын алкагында келечектеги «Ак-Булак» курорттук шаарчасынын концепциясын иштеп чыгып, даярдашат.