Анын жыйынтыгында Жыргалаң курортунун аймагындагы 8 инвестициялык лот сатылды. Жалпысынан 39 лот өз ээлерин тапты.
Инвесторлорго мейманканаларды, апартаменттерди, ресторандарды жана туристтик-инженердик инфраструктура объекттерин курууга арналган жер тилкелери сунушталды. Лоттордун сатылышы курортко кошумча инвестицияларды тартууга жана жаңы туристтик объекттерди курууга шарт түзөт.
Ошол эле учурда келечектеги курорттун негизги инфраструктурасын куруу иштери уланууда. Учурда суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо системалары курулуп, энергетикалык инфраструктура жана асма аркан жолдор өнүктүрүлүүдө.
Бүгүнкү күндө жалпы узундугу 4 чакырымдан ашкан эки асма аркан жолу пайдаланууга даяр. Азыркы тапта кошумча төрт асма аркан жолун куруу иштери башталды.
Мындан тышкары, келечектеги курорттун алгачкы тоо лыжа трассаларын долбоорлоо иштери уланууда. «Ала-Тоо Резорттун» биринчи этабын ачуу 2026-жылдын декабрь айына пландалган.